Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте адам көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылды (видео)

Окуя болгон жерге беш куткаруучу барган

Бишкекте бир адам көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн бизге Байтик-Баатыр көчөсүндө, Шеркулов менен кесилишкен жерде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан бир жигит секирейин деп, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат алдык», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Учурда ал кишинин аты-жөнү такталууда. Окуя болгон жерге беш куткаруучу барган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

Видео: "Кабар"



фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх