Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте маршруттук таксилер жетиштүү. Мэрия коомдук транспорттордун санын көбөйтүүнү көздөп жатат

Буга маршруттук таксилердин айдоочуларынын чет жакка кетип жатышы жана кыймылдуу курамдын азайышы себеп болууда

Бишкекте дизель майынын кымбатташына байланыштуу маршруттук таксилердин айдоочулары чыгып кетип, анын кесепетинен кыймылдуу курамдын саны азайган. Эгер буга чейин шаардыктарды 3,5 миңге жакын кичи автобус тейлесе, учурда алардын саны 1,5 миңден ашпайт. Буга байланыштуу борбор калаанын мэриясы коомдук транспорттордун санын көбөйтүү боюнча катуу иштерди жүргүзүүдө.
 
Муниципалитет үзгүлтүксүз негизде семинарларды өткөрөт. Жер-жерлерде шаардык транспорт башкармалыгынын адистери транспорттук ишканалардын өкүлдөрү менен автобустардын жана кичи автобустардын кыймылдуу составын көбөйтүү, ошондой эле күйүүчү майдын экологиялык жактан таза түрүндөгү чоңураак автобустарга өтүү маселеси боюнча жолугушууларды өткөрүүдө.
 
Ошондой эле, сапарлардын жыйынтыгы менен каттамдардагы автобустарды тынымсыз текшерүүдөн өткөрүү, коомдук транспортторду кышкы мезгилге даярдоо жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун ишин көзөмөлдөө боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
 
Мындан тышкары айдоочулардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосуна, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн этикасына жана маданиятына өзгөчө көңүл бурулууда.
 
Урматтуу жарандар, жүргүнчүлөр! Биз коомдук транспорт үчүн дайыма байланыштабыз (WhatsApp):
 
Шаардык транспорт башкармалыгы (микроавтобустар): 0502205202;
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын ишин көзөмөлдөйт: 0555898555;
Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0990306076.
Бишкек шаарынын мэриясынын байланыш борбору: 1850, 1840

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх