Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илхам Алиев Кыргызстандын Бакудагы элчиси менен жолугушту

Кайрат Осмоналиев Азербайжандын башчысына ишеним грамотасын тапшырды

Бүгүн Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстандын жаңы дайындалган элчиси Кайрат Осмоналиевден ишеним грамотасын кабыл алды. Бул тууралуу azertag.az. басылмасы жазды.

«Мен Бакуга келүү сыймыгына ээ болдум. Кыргызстан ар дайым оор күндөрдө боор ооруп, Азербайжандын ийгиликтерине жана жетишкендиктерине кубанып келген. Сиздерге Садыр Жапаровдун саламын, былтыркы жана быйылкы пандемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Президент сизди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырат жана жакынкы аралыкта сиз менен жолугушууга абдан кубанычта болот», - деди Осмоналиев.

Ал Азербайжандын лидерине ишеним грамотасын тапшырды.

«Сизден Кыргыз Республикасынын Президентине менин саламымды жана эң жакшы каалоомду айтууну өтүнөм, ошондой эле аны Азербайжанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакыргым келет.

Биздин элдерди түпкү тамырлар бириктирип турат жана биз Түрк кеңешинин алкагында активдүү өз ара аракеттенип жатабыз. Эки тараптуу мамилелерге келсек, биз байланыштардын активдешүүсүн күтөбүз. Акыркы жылдары толук ишке ашпай калган потенциал бар деп эсептейм. Биз соода-экономикалык чөйрөнү жакшылап карашыбыз керек, ал жерде сооданы көбөйтүүгө болот.

Эл аралык аренада тез ара колдоо ар дайым биздин өлкөлөрүбүздү жакындаштырып келген. Экинчи Карабах согушунда биз Кыргызстандын элинин колдоосун сездик. Жарандардан көптөгөн кайрылуулар, тилектештик сезимдерин билдирүүлөр болду жана биз муну абдан жогору баалайбыз», - деди Илхам Алиев.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх