Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРда ата-энеси таштап кеткен эрди жырык бала азыр АКШда жашайт. Ага бардык керектүү операциялар жасалды (фото)

Багып алуучулар балага жаңы ат коюшкан, бирок анын бөлмөсүндө туулган жерин эскерүү катары Кыргызстандын желеги илинип турат

Ата-энеси таштап кеткен Азамат аттуу бала учурда жаңы үй-бүлө менен Америкада жашайт. Анын аты-жөнү өзгөртүлгөн, бирок анын туулган жерин эскерүү катары бөлмөдө Кыргызстандын желеги илинип турат. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармакта билдирди.

– Апасы төрөлгөндө таштап кеткен, бирок үч жылдан кийин америкалык үй-бүлө багып алган Азамат эсиңиздеби? -деп жазат ал . - Анын бир аз көйгөйлөрү бар болчу: эриндин жырыгы, таңдайынын жыртыгы. Бардык операциялар ийгиликтүү өттү. Айдан (азыр анын аты) Америкада ынтымактуу үй-бүлөдө жашайт, сүйүктүү жана ийгиликтүү. Ал мектепте мыкты окуучу, футбол ойногонду жакшы көрөт. Анын бөлмөсүндө Кыргызстандын желеги илинип турат. Бул анын туулган жерин эске салат. Америкалык ата-энелерге салымы, сүйүү жана боорукердиги үчүн рахмат. Биз сени менен сыймыктанабыз, Азамат! Туулган жериңди эсте, балам!



Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх