Кыргызстанда 29-октябрга карата COVID-19 жана пневмонияны жуктурган жаңы 116 учур катталды
Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда эки адам каза болду
Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жана коомчулуктан пайда болгон пневмониянын жаңы 116 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек - 54
Ош - 2
Чүй облусу – 33
Ош облусу – 3
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 13
Жалал-Абад облусу – 6
Баткен облусу – 2
Бардык мезгил ичинде - 181 105.
Каза болгондордун санына Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда эки адам кирди - алар COVID-19 вакцинасын алышкан эмес.
Ооруканаларда 708 адам, амбулатордук дарыланууда 699 адам жатат. 91 жаран айыгып чыкты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз