Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мончодо "барымтага" калган электрик. Таберик Акматбаев анын дарегине айтылган дооматты четке какты

ЖКнын экс-депутаты болгон окуя боюнча өз версиясын билдирди

Бишкектеги мончолордун биринде ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары тарабынан күчтөп кармалды делген оператор-электромонтёрдун окуясында жаңы жагдайлар ачыкка чыкты.

Vesti.kg сайтынын редакциясы үстүнөн милицияга арыз түшкөн Таберик Акматбаев менен байланышты.

Акматбаев буга чейин Ички иштер министрлигинин жетекчисинин орун басары кызматын аркалабаганын, бирок буга чейин өнөр жай жана соода министринин орун басары, ошондой эле эки чакырылыштагы парламенттин депутаты болгондугун тактады. Ал электрикти мончодо күч менен кармаган деген маалыматты четке кагып, болгон окуя боюнча өз версиясын айтып берди.

«Ал майып болгондуктан жакшы баса алчу эмес, биз ошол үчүн аны жумушка алганбыз», - деп түшүндүрдү Таберик Акматбаев. - Мен аны аяган элем. Алгач күнүнө 700 сомдон төлөп турсак, кийин айлыгын 1200 сомго көтөрдүк. Андан сырткары, үч маал тамак-аш менен камсыз кылып, турак-жай да уюштуруп бергенбиз. Бирок, ал бир нече жолу жумуш маалында мас абалында кармалды. Бир күнү ал кассадан запастык тетиктер үчүн 50 миң сом алып, качып кетиптир. Мен өлкөдө жок болгон учурда өзү бизге келип иштеп калыптыр кайра. Кийим-кечесин берип, жата турган жерин даярдап беришкен. Аны эч ким мажбурлап кармаган эмес. Мен аны коркутсам, айлыкты көтөрүп, бакмак белем?

Кошумчалай кетсек, өнөр жай жана соода министринин экс-орун басары 2-октябрдан 22-октябрга чейин Германияда болгонун баса белгиледи.

Эске сала кетсек ИИМдин поликлиникасынын кызматкери Александр Андреев Vesti.kg сайтынын редакциясына кайрылып, анын таанышын ИИМдин мурдагы орун басарларынын бири барымтада кармап жатканын билдирген.

Андреевдин айтымында, ал киши мурдагы чиновникке таандык Жал кичи районундагы мончолордун биринде эки жума кармалып турган.

Өз кезегинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Vesti.kg сайтына бул факты РИИБге катталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын тастыктады. Милициянын маалыматына караганда, аталган жаран «Т» аттуу адамдын үстүнөн арыз жазган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх