Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция кызматкерлери уурдалган 5 миң долларлык скрипканы табышты. Аларга музыкалык аспаптын ээси скрипкада ойноп берди

Уурдап кеткен жаран борбор калаадагы ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген

Бишкекте белгисиз адамдар унаанын айнегин сындырып, 5 миң долларлык скрипканы уурдап кетишкен. Милиция ууруну кармады, ал эми  ээси кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, аларга скрипкада ойноп берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин  басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин жаран И.М. аттуу белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен Чүй проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаанын айнегин талкалап, 5000 АКШ доллары өлчөмүндөгү скрипкасын  кутусу менен уурдап кеткен.

Бул факты Ленин РИИБнин КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Комплекстүү тергөө иш-чараларынын жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери скрипканы уурдаган шектүүнүн изине түшүштү», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө. - Ыкчам маалыматты ишке ашыруунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИБнын ПМКнын кызматкерлери тарабынан  1991-жылы туулган В.Р аттуу жаран кармалган, ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.


сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх