Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт

Президент Глазгого барды. Аны королева Елизавета IIнин жана британ өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алышты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 31-октябрда Глазго шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) иш сапары менен келди. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаровдун коллегиясы Глазго эл аралык аэропортуна конуп, аны ханышада Елизавета IIнин жана британ өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алышты.

Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын ачылыш аземине катышып, дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт. Ошондой эле анын чет элдик кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын жетекчилери менен жолугушуусу пландалууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх