Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусча сүйлөгөнү үчүн, кассирге кол салган адамга карата иш токтотулду. Жарашышты

Буга чейин бул окуя коомчулукта нааразылык жараткан. Жада калса РФнын КРдагы элчилиги да реакция кылган

SMagic оюн клубундагы кызматкерине кол салуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам токтотулган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

- Ишти Октябрь соту караган, - деп такталдв ал жактан.  -Кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам токтотулган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте мас абалындагы кардар Технопарктын имаратындагы SMagic оюн клубунун кассирине кол салган.

Анда ишкананын администратору окуя кызматкердин кардарды орусча тейлегенинен улам болгонун айткан. Эркек агрессивдүү түрдө аны менен кыргызча сүйлөшүүнү талап кылып кассирди  сөккөн. Анан столдун үстүндө жаткан калькуляторду алып, кызды чаап жиберген.

Кийинчерээк ызы-чуу боюнча мекеменин кызматкери арыз жазган.

Бул окуяга Орусиянын элчилиги реакция жасады. Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко элчиликтин социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыялады.

«Мен Бишкектеги балдар борборлорунун биринде күнүмдүк улутчулдуктун дагы бир фактысына көңүл бурдум. Мен муну терс тенденция катары көргүм келбейт, бирок ага көңүл бурбай коюу да мүмкүн эмес деп ойлойм. Тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты сактоого салым кошпогон, улуттук кастыкка негизделген агрессивдүү аракеттерди айтпаганда да, айыптабай коюуга болбойт», - деп жазган ал.

сүрөт www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх