Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балтадагы маршруттук айдоочулар да жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышууда. Алар митингге чыгышты

Бүгүн пикетке чыккандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушту

Бүгүн, 1-ноябрда Кара-Балта шаарында маршруттук унаанын айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып митингге чыгышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

- Алар белгиленген тарифтерге макул эмес жана жогорулатылышын каалап жатышат, - деп түшүндүрүштү муниципалитеттен. - Буга чейин пенсионерлер менен мектеп окуучуларынын жол кире акысы 7 сом болсо, калганы 10 сом болчу.Сессияда депутаттар жол киренин 13 сомго чейин көтөрүшүп, пенсионерлер менен мектеп окуучуларынын төлөмү өзгөрүүсүз калтырылган.

Иш таштаган маршруттук таксилердин айдоочуларынын талаптарын мэрия билдирди.

«Азыр айдоочулар жол киренин жөнөкөй жарандар үчүн 15 сомдон, ал эми мектеп окуучулары менен пенсионерлер үчүн 10 сомдон белгилөөнү суранышууда», - дешти алар. - Пенсионерлер көтөрө албаса, жок дегенде мектеп окуучуларыныкын. Буга чейин токтомдо жеңилдикти мектеп окуучулары 1-класстан 3-класска чейин алса, эми биринчи класстан он биринчи класска чейин алышкан.

Айдоочулар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушканын мэрия белгиледи.

Алар Кара-Балта шаарынын мэриясында болуп жаткан окуялар тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх