Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн армияларынын рейтинги. Кыргызстан кайсы орунда?

Орто Азия республикаларынын ичинен Өзбекстан биринчи орунду ээледи

Кыргыз армиясы жаңыланган Global Firepower Index - 2021 боюнча дүйнөдө 93-орунду ээледи.

Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи, дүйнөдө 51-орунда турат.

Ал эми Казакстан 61-орунду, Ооганстан 75-орунду, Түркмөнстан 86-орунду, Кыргызстан 93-орунду, Тажикстан 99-орунду ээледи.

Эске сала кетсек, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын алдында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен «Рособоронэкспорт» акционердик коомунун жетекчиси  Александр Михеев менен жолугушуусу болгон..

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз тарапка «Рособоронэкспорттон» Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык оңдоо, запастык бөлүктөр менен камсыздоо жана аларга агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашышты», - деп айтылат маалыматта. билдирүү айтылат.

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы Чек ара кызматынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин муктаждыктары үчүн «Орлан-10Э» пилотсуз учуучу аппараттын көп функционалдуу комплекстерин Кыргыз Республикасы тарабынан сатып алуу боюнча келишимге кол коюу болду.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх