"Бакырчаак" активист Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды
Тандалган баш коргоо чарасы 29-декабрга чейин күчүндө болот
Активист, Айыл чарба министрлигинин жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Алдын алуу чарасы 29-декабрга чейин күчүндө болот. Тиешелүү чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды.
Эске салсак, Кашкарбаев коомчулукка Садыр Жапаровдун ыйлаган жактоочусу катары белгилүү.
Эртеси күнү ал кармалган. Маалым болгондой, соттук-лингвистикалык экспертиза Бакай Кашкарбаевдин көрсөтмөлөрүндө зомбулук көрсөтүүгө чакырык бар экенин аныктаган.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз