Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Айыл чарба министрлиги эмне кылып жатканы белгисиз. Аны Соода жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттикке айландыруу керек

Абдулла Ташиевдин айтымында, башкармалыктын айыл чарба тармагына пайдасы жок

Көз карандысыз эксперт Абдулла Ташиев Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигин Соода жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттикке айлантууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, башкармалыктын кызматкерлеринин эмгек акысына жыл сайын 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт.


- Эмне кылып жатканы түшүнүксүз, - деп ачууланат Ташиев. - 30 жылдан бери эч нерсе жасалган жок. Өсүмдүктөрдүн бир дагы сорту, кой породасы чыгарылган эмес.  Айыл чарба министрлиги толугу менен жоюлуп, анын ордуна Соода жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүшү керек. 10 жылдан кийин 2 миллиард сом 20 миллиард болуп калмак. Бул суммага 10 миң агроинженерди кафедрасы жок деле өркүндөтө ала турган айыл чарба адистерин даярдоого болот эле.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх