Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Ынтымак" партиясын колдоп жатабы?

Социалдык тармакта "Ынтымак" партиясынын үгүт иштеринен тартылган сүрөт тарады

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Ынтымак" партиясына, анын ичинде Балбак Түлөбаевге парламенттик шайлоодо колдоо көрсөтүүдө. Мындай билдирүү социалдык тармактарда тарады. Фейсбуктун колдонуучусу Адиль Турдукулов аталган партиянын үгүт иштери учурунда тартылган сүрөт жарыялаган. Анда "Ынтымак" партиясы менен шайлоого аттанган  Балбак Түлөбаев менен кошо бир нече адам, алардын арасында мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго түспөлдөш адамды көрүүгө болот.

"Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Ынтымак" партиясы менен Балбак үчүн! "Унутта калтырбайт экен да, өзүнүн жактоочуларын, тарапташтарын, улуу урматтуу Сооронбай Шарипович! Алкыш, Алкыш!". - деп жазган ал.

Билдирүүнүн алдына пикир калтырган кээ бир колдонуучулар сүрөттөгү адам мурдагы ажо экенине ишенишпесе, айрымдар "хандар тактан кетсе эле кейпи кетип калат экен да" деп жазышууда.

Камиля Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх