Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусия эмгек мигранттарын геномдук каттоону киргизүүнү сунуштады

Тергөө комитетинин башчысы мигранттар тарабынан жасалган кылмыштардын саны өскөнүн белгиледи

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин эмгек мигранттары геномдук каттоодон өтүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Комитет жетекчиси Орусияда мигранттар тарабынан жасалган өзгөчө коркунучтуу кылмыштардын саны көбөйгөнүн билдирди.

«Мигранттардын кылмыштуулук түзүмүндө социалдык коркунучу күчөгөн мыйзамсыз аракеттердин, атап айтканда, экстремизм - 33%, терроризм - 26%, адам өлтүрүү - 8%, зордуктоо м - өсүү тенденциясы байкалууда.», - деди ал.

Бастрыкин ошондой эле «миграциянын бардык формаларын, ошондой эле чет өлкөлүктөрдү каттоого, ишке орноштурууга квота берүүгө байланышкан ченемдерди каттоону» жана мигранттарды каттоонун тартибин, алардын манжаларынын изин жана башка контролдун түрлөрүн аныктоону сунуштады.

Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин ведомстволук жыйында сүйлөп жатып, Анападан Ленинград облусуна көчүп келген тергөөчү Владислав Мегреловду: «Же азиялыктар кысып баратат, азыр кыргыздар,анан тажиктер, краснодарлыктар да көп келишти».

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх