Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев БШКдан эскертүү алды

Депутаттыкка талапкер шайлоочуларды мөөнөтүнөн мурда үгүттөгөн имиш

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевге эскертүү берди. Мындай чечимди БШК мүчөлөрү 2021-жылдын 1-ноябрындагы жыйынында кабыл алышты.

Ошол эле маалда жумушчу топ мыйзам бузууларды аныктады - Бекешев социалдык тармактардагы баракчаларында үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаган имиш.

"Үстүбүздөгү жылдын март айынан бери жарыяланган шайлоо 2021-жылдын 29-августуна белгиленген", — деп айтылат шайлоо комиссиясынын билдирүүсүндө.

Буга чейин БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна Дастан Бекешевди шайлоо фондун каржылоо эрежелерин бузду деп айыптаган Акбар Бейшеналиевден арыз түшкөн.

Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын 10 мүчөсү парламентарийге үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы боюнча эскертүү берүүнү зарыл деп тапты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөт. 54 адам пропорционалдык система менен (партиялардан талапкерлердин ачык тизмеси боюнча), 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система менен шайланат.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх