Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: БШКнын эскертүүсүнө макул эмесмин. Мөөнөтүнөн мурда агитация болгон жок

Депутаттыкка талапкер лингвистикалык экспертиза да жүргүзүлбөгөнүн белгиледи

№28 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев Vesti.kg сайтына БШКнын мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүү боюнча эскертүүсүнө комментарий берди.

Эл өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине макул эмес.

«БШК «Мен чындыкты айтам жана жарандардын кызыкчылыгын коргоого милдеттенем, ошондуктан каражат чогултуу жарыялайм» деген сөздөр мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерине тиешелүү деп эсептеди», - деп түшүндүрдү Бекешев. - Мен бул чечимге макул эмесмин, анткени ал басылмаларда мени Октябрь районунан талапкер катары добуш берүүгө чакырыктар болгон эмес.

Мындан тышкары Бекешев БШК объективдүү өкүм чыгаруу үчүн лингвистикалык экспертиза жүргүзбөгөнүн баса белгиледи.

- Эч кандай лингвистикалык экспертиза болгон эмес, ошондуктан, ыктыярдуу чечим деп айтууга болот, - деп эсептейт депутат. - Бул чечим менин үстүмдөн арыздангандарды канааттандыруу үчүн кабыл алынган деп ойлойм.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөт. 54 адам пропорционалдык система менен (партиялардан талапкерлердин ачык тизмеси боюнча), 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система менен шайланат.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх