Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КААБУБ: Жеңиш Молдокматов СИЗО-1деги кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге нааразы эмес

Саясатчыга кечээ Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери барган

Абактагы оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов СИЗО-1деги кыйноо жана катаал мамилеге нааразы эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, Улуттук борбордун кызматкерлери абактагы жаранга бир күн мурун барышкан.

«Бизге Жеңиш Молдокматовго кысым көрсөтүү боюнча эч кандай билдирүү түшкөн жок», - деди Рысбеков. -Бирок ага жолугуп келүү өтүнүчү менен кайрылуу болгон, анткени ага кысым болуп жатат дешкен. Буга байланыштуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери бир күн мурун Молдокматовго барышкан. Андан кыйноолор же катаал мамиле боюнча даттануулар болгон эмес.

Эске сала кетсек, буга чейин оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жактоочулары СИЗО-1де кысым болуп жатканын билдиришкен.

Лидери Молдокматов болгон «Туран» партиясынын саясий кеңеши саясий куугунтукту токтотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх