Кара-Балта шаарында маршруттук таксилерде жол кире кымбатташы күтүлүүдө. Маселе жергиликтүү депутаттардын талкуусуна коюлат
Кечээ маршруттук таксилер тарифти көтөрүү талабы менен иш таштаса, бүгүн алар каттамга чыкты
Кара-Балта шаарында маршруттук таксилерде жол кире кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
- Бүгүнкү күндө бардык кичи автобустар каттамга чыкты, - деп билдирди муниципалитеттен. - Бул жумада баалар ошол бойдон калды. Келерки аптада Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы болуп, анда тарифти көтөрүү маселеси чечилет. Бүгүн мэриянын жыйындар залында бюджеттик комиссиянын жыйыны болуп, анда баалар аныкталды: мектеп окуучулары менен пенсионерлерге 10 сом, калганына 15 сом. Комиссия бул бааларды койду.
Эскерте кетсек, кечээ Кара-Балта шаарында кичи автобустун айдоочулары митингге чыгышкан. Алар жол кирени көтөрүүнү талап кылышкан.
сүрөт www