Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сыймык Жапыкеев: Биз малды жакшы тандайбыз, бирок депутаттарды кантип шайлаганды билбейбиз

Каржы полициясынын экс-жетекчиси азыр депутаттыкка умтулуп жаткан талапкерлердин көбүнө ыраазы эмес

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев Жогорку Кеңеш алты чакырылышта легендарлуу парламенттен “Чимкирик” парламентине айланды деп эсептейт. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазды.

«Достор, Фейсбукту ачарыңыз менен бардык жерде шайлоо жана үгүт иштери жүрүп жатат», - деди ал. - Мурдагы жүздөр. Баары чуркашат – колунан келгени да, келбегени да. Эмнегедир парламентке киргиси келет. Көптөгөн депутаттар атын элге таанытуу жана бизнесин коргоо үчүн шайлоого барышат. Көптөгөн парламентарийлерди жатка билебиз. Парламенттин бийлигин депутаттар өздөрү гана ойлоп, коркуп, кошомат кылып журушуп олтурушту. Бул факт.Легендарлуу Парламенттен чимкирик Парламентке алты чакырылышта эле жетишти. Эл көзүн ача турган учур келди”.

Жапыкеев шайлоодо элди 2000 сомго сатпоого чакырды.

«Көрсө, биз малды жакшы тандайбыз, бирок депутаттарды кантип шайлашыбызды билбейт экенбиз», - деди ал. - Отуз жылдан бери депутаттар элди алдап, ушул деңгээлге жеттик. 2000 сомго сатылып отуруп итке миндик»

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх