Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада милиция кызматкерлери кыргызстандык жаранды катуу сабашкан. Элчилик Орусиянын ТИМине нота жөнөттү

Маалым болгондой, жабыркаган жигит 21 жашта

Кыргызстандын жаранын кармоо учурунда милиция кызматкерлери тарабынан физикалык күч колдонулганына байланыштуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, дипломатиялык өкүлчүлүк жүргүзгөн иштердин натыйжасында видеого тартылып алынган окуя бир күн мурун Москвада болгондугу аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан 21 жаштагы кыргызстандыкка физикалык күч колдонулганы белгилүү болду.

Элчилик ошондой эле Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын ички коопсуздук башкармалыгына жана РФнын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдогону көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу жана Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Хорошев районунун милиция кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү айтылды.

Мекендештин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканы белгиленет.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх