Спортчу Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты
Жарым финалда АКШдан келген спортчуну жеңип алды
Белградда (Сербия) өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы финалга чыкты.
Ал 23 жашка чейинки спортчулар арасында күч сынашты.
Жарым финалда Медет кызы АКШнын спортчусу Кайли Рене Уэлкерди жеңип алды.
Алтын медаль үчүн ал Колумбиянын спортчусу менен беттешет.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз