Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте биринчи экономикалык форум өтөт

Иш-чара COVID-19 кризисинен калыбына келтирүүнү колдоо боюнча чараларды иштеп чыгууга багытталган

5-ноябрда Бишкекте “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” аттуу биринчи экономикалык форум өтөт.

Ал COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кыйраткыч социалдык-экономикалык кризистен жашыл жана туруктуу калыбына келтирүүнү колдоо үчүн координацияланган экономикалык реакцияны талкуулоого жана иштеп чыгууга багытталган.

Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын  орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Евробиримдиктин атынан Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис катышат. Мындан тышкары, ЕБ өлкөлөрүнөн жогорку даражалуу өкүлдөр, тышкы иштер министрлери, атайын өкүлдөр, ошондой эле толук жана ыйгарым укуктуу элчилер катышат.

Форумга ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын, анын ичинде Дүйнөлүк Бажы Уюмунун жана Энергетикалык Хартиянын жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн жана банк секторунун өкүлдөрү катышат.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх