Бишкекте аял 4-кабаттан кулап кетип, аман калды
Жабырлануучу чатырга кулап аман калган
Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүнүн №37 дарегинде 4-кабаттагы батирдин балконунан аял кулап кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучу имараттын 1-кабатынын бастырмасына кулап, аман калганы такталып жатат. Ал 25-30 жашта.
Беш куткаруучу аялды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал колунан жаракат алган. Ден соолук абалы канааттандырарлык.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз