Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Калпакчан орус кыргыз ырчысы менен Кыргызстан тууралуу ыр аткарды (видео)

Ырда РФдан келген блогер өлкөбүздүн жаратылышын даңазалайт

Орусиялык блогер Александр Лист ырчы НурЧолпон менен Кыргызстан тууралуу ыр аткарды. Бул ырга тартылган видеоклип саякатчынын Youtube каналына жарыяланган.

Буга чейин аткаруучунун бул ырына дагы бир клиби тартылып, бирок, блогер жаңы клип тартууну чечкенин, анда кыргыз даамы бар экенин айткан.

Жаңы клип Жеңиш аянтында тартылып, тартууга Кыргызстандын жарандары улуттук жана жөнөкөй кийимчен катышты. Ырдын хорун ырчы Нур Чолпон кыргыз тилинде аткарат.

Видеодо Кыргыз Республикасынын жаратылышы жана кыздардын аткаруусундагы улуттук бийлер көрсөтүлөт. Композициянын аткаруучулары да улуттук кийимдерди кийишкен. Александр Лист өзү кыргыз оюмдары түшүрүлгөн жилет жана ак калпак кийгизди.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх