Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мектеп окуучуларынан жол киреге 15 сомдон алгандан кантип тартынбайсыңар?». Бишкекте митинг өттү

Нааразы болгон жарандар 1-2-класстын окуучуларынын жол кире баасын арзандатууну суранышууда

Бишкекте нааразы болгон жарандар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар 1-2-класстын окуучуларынын жол кире акысын 10 сомго чейин түшүрүүнү талап кылышууда.

Жарандык активист Жолдошбек Сыргактын айтымында, жол кире кымбаттап жатканы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө тийип жатат.

«Мен буга чейин социалдык тармактарда ушундай билдирүү жасагам, эл мени колдоду», - деди ал. - Бийлик мектеп окуучуларынан жол кире үчүн 15 сомдон алууда кантип уялбайт? Баасын 10 сомго түшүрүүнү суранып чыктык. 3-4 балалуу үй-бүлөлөргө чынында кыйын. Бүгүн суукка карабай, жол кире кымбаттагандыктан үйлөрүнө жөө кетип бара жаткан мектеп окуучуларын көрдүм.

Ал ошондой эле тарифти төмөндөтүү сунушу менен буга чейин Бишкек шаарынын мэриясына кайрылганын, бирок муниципалитет бул маселени карап чыгабыз деп жооп бергенин баса белгиледи.



Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх