Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Наталья Никитенко муниципалдык транспортто: Баары мурункудан да жаман!

Парламентарий Бишкектин мэрин жарандар шайлашын талап кылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко коомдук транспорттогу жол кире кымбатташына токтолду.

Анын айтымында, борбордун жолдорунда баары  мурункудан да жаман, муниципалитет шаарда жол кыймылын жөнгө сала албай калган.

«Бүгүн эртең менен көптөгөн кыргызстандыктардай эле мен да жумушка абдан кыйынчылык менен жеттим. Троллейбустар жок, маршруттук таксилердин жарымы жок, жарымы толуп калган. Бирок бул кыйынчылыктын жарымы эле, кечкисин эмне болот? Балдар экинчи сменден качан үйлөрүнө кетишет? Чоңдор жумуш күнүн качан бүтүрөт? Ал эми суук -7 ... -10 убада кылынган. Тарифтер көтөрүлгөндө мэрия жол кыймылын жакшыртып, коомдук транспорттордун санын көбөйтүүнү убада кылган. Бирок эң биринчи эле сынакта баары начар», — деп жазган Никитенко Фейсбуктагы баракчасына.

Мындан тышкары, ал Бишкек шаарынын мэрин жарандар өздөрү шайлашы керектигин кошумчалады.

«Балким бул кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк жөнүндөдүр? Ар ким өз ишине жооп берип, жогору жакта эмес, карапайым жарандардын – шайлоочулардын алдында жооп бериши керек. Мэрди жарандар шайлашы зарыл”, - деп жыйынтыктады эл өкүлү.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх