Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокуратура Ноокат районундагы бала бакчанын жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берди

Буга чейин мурунку бала бакчанын жери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз ажыратылган социалдык инфраструктура объектисинин жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Прокурордук текшерүүдө аныкталгандай, 2005-жылы «Арал» дыйкан чарбасынын жалпы чогулушунун мүчөлөрүнүн токтому менен Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган мурдагы «Арал» бала бакчасынын жер тилкеси 0,18 га аянт жеке адамга мыйзамсыз сатылып кеткен.

Көрсөтүлгөн объектти кайтарып алуу үчүн көзөмөл органы тарабынан аталган жер участогуна менчик укугуна укук белгилөөчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыздары берилген.

Соттук отурумдардын жыйынтыгы менен прокуратуранын доо арыздары толугу менен канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган жер аянты 0,18 га базар баасы 3 075 000 сомдук жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх