Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы ЖМК өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарды тапшырды
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.
- Кыргызстан башка өлкөлөр сыяктуу эле коронавирустун төртүнчү толкунунун босогосунда турат, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы. - Биз күрөшүүгө даярбыз. Бизде вакциналар, дарылар жетиштүү. Жарандардын ден соолугу алардын аң-сезиминен көз каранды. Мен медиа өкүлдөрүнө кызматташуу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздин аркаңызда биздин маалыматтар коомчулукка жетип жатат. Баарыңыздарга чың ден соолук каалайм.
Журналисттерге ыраазычылык каттары тапшырылды.
Сүрөт Vesti.kg