Бишкекте Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болот
Кыргызстанга Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто келди
Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен бүгүн, 5-ноябрда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Евробиримдик-БАнын биринчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Питер Сияртонун иш сапарынын алкагында анын өлкө жетекчилиги, КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуусу пландалууда.
Ошондой эле Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болуп, анын алкагында Кыргызстан үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлор ишке ашат.
КРнын ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www