Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө балдарды жана өспүрүмдөрдү өз катарына тарткан экстремисттер кармалды (фото)

УКМК “Хизб ут-Тахрир” жашыруун тобунун лидерлеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

Жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында УКМК органдары тарабынан тыюу салынган адабияттарды таратууга адистешкен «Хизб-ут-Тахрир» жашыруун топторунун биринин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн лидерлеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн балдарды жана өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартуу ишмердүүлүгү токтотулду. .

Алардын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция уюштурулуп, ага экстремисттердин жаш муунун тарбиялоо жана окутуунун алкагында Хизб-ут-Тахрир идеологдору тарабынан идеологиялык процесске дуушар болгон жашы жете элек жарандардын тобу катышкан. .

Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болуп, башка кармалгандар менен бирге УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кылсмыштуу топтун мүчөлөрү жашаган жерлерди тинтүү учурунда тыюу салынган адабияттардын , ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган электрондук маалымат алып жүрүүчүлөр табылган жана алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандардын тыюу салынган уюмдарга мүчөлүгү, ошондой эле балдарды диний-экстремисттик жана башка кылмыштуу аракеттерге тартуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх