Садыр Жапаров дагы бир жолу кыргызстандыктардан вакцина алууну суранды
Президент белгилегендей, эмдөөнүн натыйжасында оору азая баштаган
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды кайрадан эмдөөгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын Facebook социалдык тармагындагы баракчасында маалымдалды.
«Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады. », - деди президент.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз