Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Көл шаарынын мэриясы бала бакчанын имаратын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген

Прокуратуранын билдирүүсүнөн кийин объект муниципалдык менчикке кайтарылган

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы Кара-Көл шаарындагы 22 миллион 919 миң 500 сомдук бала бакчанын имаратын муниципалдык менчикке кайтарып берди.
 
Прокуратуралык текшерүүдө 2002-жылдын 12-июнунда Кара-Көл шаарынын мэриясы социалдык мекеме болуп эсептелген 1,24 га жер тилкеси менен №6 бала бакчанын имаратын мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган.

Аталган объектти мамлекетке кайтаруу максатында облустук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз берилген. Кароонун жыйынтыгы менен арыз толугу менен канааттандырылды.

Шаар мэриясы тарабынан прокурордук чара көрүү актысынын негизинде №6 бала бакчанын имараты 1,24 га жер тилкеси менен 22 919 500 сомдук базар баасы менен муниципалитеттин балансына кабыл алынган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх