Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Дордой Плаза" соода борборунун жанында аялын сабаган адам ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына камалды

РИИБнын маалыматы боюнча, тергөө иштери уланууда

"Дордой Плаза" соода борборунун жанында аялын сабаган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалган жаран 1993-жылы туулган К.А.

Учурда тергөө иштери уланууда.



Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда "Дордой Плаза" соода борборунун жанында эркек киши аялды сабап, бетке бир нече жолу урган видео тараган. Жабырлануучу качып кетүүгө аракет кылган, бирок эркек аны кууп жетип, муштуму менен башына чаап жиберген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх