Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адахан Мадумаровдун үстүнөн БШКга арыз түшкөн. Ал административдик ресурс колдонгон деп шектелүүдө

ЖКнын депутаттыгына талапкерди Өзгөн районунун Куршаб айылында улуттук кийимчен жашы жете элек кыздар тосуп алышты

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Адахан Мадумаровдун үстүнөн арызын БШКнын оперативдүү координациялык тобуна жөнөттү.

Кайрылууда Куршаб айылында үгүт иш-чарасынын алкагында Мадумаровду жашы жете элек кыздар тосуп алып, улуттук тамак-аш менен сыйланганы айтылат. Саясатчы административдик ресурс колдонгон деп шектелүүдө.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөт. 54 адам пропорционалдык система боюнча (партиялардан талапкерлердин ачык тизмеси боюнча), 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх