Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арзыбек Кожошев Орусиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Кыргызстандын аймагында билим берүү мекемелерин куруу маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко мене жолугушту.

 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу кеп жүрдү.

 «Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы катары анын ишин активдештирүүгө жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү зарылдыгын жана эпидемиологиялык абалды эске алуу менен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги кеңешмесин өткөрүүгө даярмын», - деди Арзыбек Кожошев.

 Тараптар аркылуу илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы билим берүү уюмдарын куруу маселесине басым жасалды.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх