Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Мамашова: Апам каза болгондон кийин укук коргоо органдарынын адилетсиздигине жеке өзүм туш болдум

Апам 15 жашында каза болгондон кийин укук коргоо жана сот органдарынын адилетсиздигине кабылдым. Ошондон бери системаны өзгөртүүнү кыялданып, Жогорку Кеңешке келишиме ушул себеп болду. Бул тууралуу «Альянс» партиясынан талапкер Айсулуу Мамашова бир күн мурун, 11-ноябрда теледебатта сүйлөп жатып билдирди.

«Мен парламентке ар бир эненин, ар бир баланын атынан келдим. Мен алардын укуктары жана кепилдиктери үчүн күрөшкөм жана күрөшө берем», - деди талапкер.

Дебаттардын жүрүшүндө Айсулуу Мамашова өзү демилгелеген мыйзам долбоорлорунун көбү парламентте жактырылганын, тагыраагы 32 мыйзамдын 30у кабыл алынганын баса белгиледи.

Оппоненттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал парламентарий катары Улуттук онкология борборуна керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн Кумтөрдөн түшкөн 10 миллион долларды мамлекеттик бюджетке кайтарып бере алганын белгиледи. Мамашова дагы мыйзам долбоорунун авторлорунун бири болгон, ага ылайык бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн бюджеттик орундардын саны көбөйтүлүп, гемодиализ процедурасынын баасы 6700 сомдон 4700 сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Аялдардын укугун коргоо маселесине токтолгон Айсулуу Мамашова алименттин өлчөмүн 200 сомдон 1850 сомго чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, абийирсиз аталардын иштеген жеринен жасалма справка берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды.


"Альянс" - БИРИККЕН КҮЧ - №3
Айсулуу Мамашова - №8

"АЛЬЯНС" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаев тарабынан төлөнөт (01.09.2021-ж. № 8)

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх