Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын киргизебиз. Мурунку шайлоолор тарыхта калсын

Мамлекет башчысы добуштарды сатып алуу же сатуу фактысы болсо, жарандар бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин жазага тартыларын эске салды

Шайлоодо добушун сатып алган жана саткан жарандар жоопко тартылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасында билдирди.

Ал эгер добуштарды сатып алуу же сатуу фактысы болсо, жарандар бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин жазага тартыларын эске салды.

«Шайлоочулар добушун сатпашы керек, талапкерлер паракорчулукка барбашы керек. Мындай фактылар ачыкка чыкса, укук коргоо органдары, катуу чечкиндүү чараларды көрүшөт. Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын киргизебиз. Мурунку шайлоолор тарых гана болуп калсын”, - дейт басылма.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх