Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Өмүрбек Текебаевге: Президентке сиздин кеңешиңиз керек эмес

Вице-премьер-министр “Ата Мекендин” лидери башкаларга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акысы жок экенин белгиледи

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бийликке карата айтылган сынына жооп берди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

«Ал президенттин министрлерди чогултуп чогулуш өткөргөнүн көрө элекмин дейт. Эл көрүп туруш керек дейт. Биринчиден президент эл көрсүн деп популисттик менен силер окшоп иш кылбайт

Экинчиден, министрлерге күнү-түнү тапшырма берет, керек болсо түнкүсүн да чалып, СМС менен тапшырмаларды берет. Шашылыш маселелерди чечүү үчүн министрлерди үйүнө чогултат. Муну биз көп жолу көрдүк. Министрлер калп айтууга жол бербейт. Президент күн сайын министрлерди чогултат», - деп жазды вице-премьер-министр.

Ал белгилегендей, мамлекет башчысы күн сайын министрлер кабинетинин төрагасына телефон чалып, тапшырмаларды берет.

«Андыктан сиздин болжолдоп айткан акылыңыздын президентке кереги жок. Сиз кеңеш берип жүрүп акыркы он жылда көрдүк мамлекет кандай абалга кептелгенин. Бийликке келгенде мамлекетти башкарууга жөндөмсүз экениңизди далилдедиңиз. Демек, башкаларга акыл үйрөтүүгө, ооз ачканга акыңар жок. Жетишет! Эл да баарын көрүп турат. Бийликти сындаганга олуттуу негиз жок”, - деп жазган Эдил Байсалов.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх