Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору кызматынан бошотулду
Анын ордуна министрлер кабинети Элчибек Жантаевди дайындады
Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Абдырахман Маматалиевдин ордуна Элчибек Жантаев дайындалды. Ал башка аталыштагы ушундай эле бөлүмдү жетектеген – министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
Президенттин администрациясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз