Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Эркин Салымбеков 100 миллион сом которуп, эч жакка кетпейт деген тил кат менен бошотулду

УКМК кызматкерлери иликтөө иштерин улантат

УКМК кызматкерлери ата мекендик айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө алып өтүүдө коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, жогорудагы ишке тиешеси бар адам Эркин Салымбеков келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн алдын ала камсыздоо катары 100 миллион сом которгон, анын толук суммасы текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын шектүүнү калтырбоо тил катына өзгөрттү.

Ведомство Айыл чарба министрлигинин айрым кызматкерлери жеке бизнес өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоого уруксат берүү үчүн айыл чарба продукциясын экспорттоочулардан мажбурлап акча чогултуу жолу менен мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушканын эске салды.

Буга байланыштуу Айыл чарба министрлигинин башкармалыктын начальнигинин орун басарлары жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери деңгээлиндеги жооптуу кызматкерлери жеке компаниянын ээси Эркин Салымбеков менен биргеликте кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөөдө ошондой эле аталган коррупциялык схемага тиешеси бар жеке фирмалардын салык төлөөдөн качкан фактылары аныкталган.

УКМКнын кызматкерлери бул кылмыш ишин мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу жагында иликтөөнү улантат.

УКМКнын басма сөз борбору

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх