Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнес секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизгим келет

Президент белгилегендей, эми укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар бизнести негизсиз текшере албайт

Президент Садыр Жапаров жаңы Жогорку Кеңештин курамына бизнес секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 16-ноябрда президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин жыйынында билдирди.

«Өлкө өзгөрүү жолунда», - деди президент. -Коррупция менен күрөшүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргиздик, ага ылайык муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялык ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мыйзамды инвентаризациялоо болуп өттү. Жогорку Кеңештин жаңы курамында бизнес тармагынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн көргүм келет.

Жапаров ошондой эле, эми укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар бизнести негизсиз текшере албай турганын белгиледи.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх