Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманкул Зулушев: Саламаттыкты сактоо министрлиги 179 миллион сомго 570 миң доза керексиз жана сапатсыз вакцинаны сатып алды

Башкы прокурор ошондой эле мамлекеттик органдар жакындарын дайындоону улантып жатканын моюнга алды

Бүгүн, 16-ноябрда Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев мамлекеттик органдардагы айрым коррупциялык фактыларга токтолду.

«Мен сиздерге мамлекеттик органдардагы айрым коррупциялык иштер тууралуу айтып берейин», - деди ал. - Бүгүн бардык иштерди айтсам, анда менин убактым жетпей калат. Мамлекеттик сатып алуулар тармагында коррупция маселеси курч турат. Сатып алууларды туура эмес пландаштыруу, сатып алуучу менен сатуучунун ортосундагы мыйзамсыз келишимдер — мунун баары мамлекеттик бюджетке зыян келтирет. 2020-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери сасык тумоого каршы жеке фирмадан 550 миң доза сапатсыз вакциналарды 135 миллион сомго жана 20 миң доза керексиз вакциналарды 44 миллион сомго сатып алышкан. Бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокурор ошондой эле мамлекеттик органдарда ар кандай кызматтарга тууган-урук, тааныштар дайындалып жаткан көйгөй бар экенин белгиледи. Мындан тышкары Зулушев Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, борбордогу жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алган УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жоюлган мурдагы кызматкерлерин да атады.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх