Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юлия Джаналиева: Мен билим берүү тармагын кантип реформалоону билем

«Мен Кыргызстанда билим алган биздин өлкөнүн бардык балдары дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, эркин жана бактылуу болушун каалайм», - деди Альянстын талапкери Юлия Джаналиева Нарын шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.
 
Талапкер өзүнүн мектебин жана бала бакчасын нөлдөн баштап түптөгөнүн жана өлкөдөгү билим берүү тармагындагы кемчиликтерди жакшы биле турганын белгиледи.
 
«Мен билим берүү тармагын реформалоону билем, анткени мен бул жаатта иштейм жана көп жылдар бою Европанын тажрыйбасын үйрөндүм. Менде өнүгүү программасы бар жана аны ишке ашырууга аракет кылам», - деп баса белгиледи Юлия Жаналиева.
 
Шайлоо өнөктүгүнүн алкагында талапкерди Ат-Башы районунун шайлоочулары да жылуу кабыл алып, ал өзүнүн платформасы менен тааныштырып, «Альянс» партиясы тууралуу айтып берди. Тургундар Юлия Джаналиеванын советтик билим берүүнүн мыкты салттарын сактоо жана заманбап ыкмаларды колдонуу менен системаны реформалоо планын колдоп, ошондой эле алдыдагы шайлоодо ага ийгилик каалашты.
 
АЛЬЯНС - №3 - БИРИККЕН КҮЧ!
Юлия Джаналиева - №12


"АЛЬЯНС" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаев тарабынан төлөнөт (01.09.2021-ж. № 8)

"Альянс" партиясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх