Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда көмүр рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн ыкчам комиссиялар түзүлдү

Комиссия көмүрдүн жогорулатылган баада көчө соодасын болтурбоо максатында түзүлгөн

Монополияга каршы орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы буйругуна ылайык, ыкчам (көчмө) комиссия түздү.

Комиссия көмүрдүн жогорулатылган баада көчө соодасын болтурбоо жана аны монополияга каршы орган тарабынан белгиленген баада сатуу үчүн көмүр ташуучуларды стационардык отун базаларына жөнөтүү максатында түзүлгөн.

Комиссиянын курамына салык кызматынын, ички иштер органдарынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

Бүгүн комиссия көмүрдүн кымбаттап кетишин аныктоо, ошондой эле көмүрдүн стихиялуу соодасын болтурбоо максатында “Дордой” базарынын аймагында жана Токмок шаарынын аймагында мониторинг жүргүздү.

Мыйзам бузуулар баалар боюнча гана эмес, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана өлчөө каражаттарын колдонуу алкагында да аныкталган. Бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык административдик жаза чаралары көрүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү боюнча буйруктар берилген.

Белгилей кетсек, комиссиялар республика боюнча түзүлүп, мындай иш-чаралар бардык аймактарда үзгүлтүксүз өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна кабылган керектөөчүлөр (көмүрдүн ашыкча баасы, салмагынын аздыгы, сатылып жаткан көмүрдүн баасынын жоктугу, туура эмес жерде соода кылуу ж.б.) ыкчам комиссиянын өкүлдөрүнө төмөндөгү телефондор боюнча кайрылса болот:

Бишкек, Чүй облусу: 0312 66-52-04, 0552 33-46-26, 0551 08-88-57
Ош шаары, Ош облусу: 03222 7-00-25, 5-50-97, 0770-55-52-22

Ысык-Көл облусу: 03922 3-18-86, 0777-15-04-75

Талас облусу: 03422 5-58-51, 5-21-25, 0701-13-13-81

Нарын облусу: 03522 5-09-53, 0703-86-86-38

Жалал-Абад облусу: 03722 7-00-25, 7-02-23,0777-84-20-06

Баткен облусу: 03622 5-51-49, 5-03-23, 0770-14-87-50

Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт Монополияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх