Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жетим балдардын пенсиясы көбөйдү

Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол койду

Кыргызстанда багуучусунан ажыраган балдарды пенсия менен камсыз кылуунун деңгээли жогорулады. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим президенттин “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Бакканынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү ата-энесинин бири же экөөсүнөн ажыраган учурда балдарга ай сайын берилуучу социалдык пособиенин өлчөмдөрүнөн төмөн болушу мумкун эместиги белгиленди.

Ошентип, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 1 багуучусун жоготкондугуна байланыштуу пенсия алуучу баланын пенсиясынын базалык бөлүгү 1500 сомго чейин көтөрүлдү. 2022-жылдын 1-январынан баштап - 2000 сомго чейин.

Ата-энесинен ажырап калгандыгына байланыштуу пенсия алган ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгү 3000 сомго чейин көбөйтүлдү. 2022-жылдын 1-январынан баштап - 6000 сомго чейин.

Бүгүнкү күндө Социалдык фонддо 60 миңге жакын жаран багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алган. Алардын ичинен ата-энесинин биринен ажырагандыгы боюнча - 58,8 миң адам, ата-энесинен тең ажырагандыгы боюнча - 500 адам.

Фото Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх