Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте прокурордун орун басары укук коргоо кызматкерлеринен опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармалды (видео)

Прокурордук кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Анын алдында УКМК кызматкерлери Башкы прокуратура менен биргеликте опузалоо фактысы боюнча Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун орун басары А.А.Э.ны кармашкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Ал эми А.А.Э. кылмыш жоопкерчилигине тартыласыңар деп коркутуп, укук коргоо кызматкерлеринен 5 миң доллар талап кылган.

Текшерүүнүн натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан 200 миң сомдон ашык суммадагы опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алганы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Канышай Балкыбекова

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх