Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы жарандарга унааларды бактардын түбүнө калтырбоого кеңеш берет

Нымдуу кар дарактардын бутактарын оорлотуп, кырсыкка алып келет

Борбор калаада нымдуу кар дарак бутактарынын салмагына терс таасирин тийгизүүдө.

Ушул себептен улам, Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жеке мүлкүнө зыян келтирбөө жана кырсыктарды алдын алуу үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборунун 1840 жана 1850 күнү-түнү иштеген номерлерине, ошондой эле сүрөттөрдү жана видео билдирүүлөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүнү суранабыз.

Этият болуңуздар жана жылуу кийиниңиздер!

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы ар дайым сиздер менен байланышта!

Бишкек мэриясы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх