Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда мектеп окуучусу электр мунарасынан (мамысынан) секирүүгө аракет кылды

Куткаруучулар жигит менен жарым саат сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында 17 жаштагы мектеп окуучусу жогорку чыңалуудагы электр мунарасынан секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымат саат 17:18де келип түшкөн.



Окуя болгон жерге 5 куткаруучу барышып, саат 17:45те келишкен.



Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жигит менен жарым саат сүйлөшүү жүргүзгөн. Окуучуну куткарып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Милиция жигиттин өз жанын кыюуну чечкенинин себептерин иликтеп жатат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх