Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нуржан Шайлдабекова: Дастан Бекешевдин иши аны талапкер катары каттоодон баш тартууга негиз боло албайт

БШК мүчөлөрү бүгүн депутаттыкка талапкердин үстүнөн түшкөн арызды талкуулайт

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Vesti.kg сайтынын редакциясына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин жашы жете элек балдардын шайлоо өнөктүгүнө тартылышы тууралуу арызы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, жогорудагы арыз Бекешевдин депутаттыкка талапкерлигин каттоону жокко чыгарууга негиз болуп саналбайт.

«Пропорционалдык принципти эске алуу менен кесиптештер талапкер Дастан Бекешев боюнча укук коргоо органдарынан келип түшкөн материалдарды карайт», - деп жооп берди Шайлдабекова. - Албетте, шайлоочуларды сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар боюнча каттоону жокко чыгарууга негиз бар. Балдардын тартылышын үгүт иштеринин эрежелеринин бузулушу менен байланыштырабыз. Мындай мыйзам бузуу каттоону жокко чыгарууга негиз боло албайт деп ойлойм.

Маалым болгондой, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Бекешевдин үстүнөн келип түшкөн арызды талкуулоого киришет.

Эскерте кетсек, Дастан Бекешев 15-ноябрда УКМКнын Бишкек башкармалыгында күбө катары сурак берип жаткан. Ал жашы жете элек баланы үгүт иштерине аралаштырган деп шектелүүдө.

Өз кезегинде Бекешев бул ишке жашы жете элек баланы катыштырбаганын айтууда. Ал УКМК тарабынан административдик ресурс колдонулганын жарыялады.

Кошумчалай кетсек, бир күн мурун Бекешевдин жардамчысы УКМКга суракка чакырылган.



Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх